• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда мыйзамсыз мигранттарга каршы ири масштабдагы операция жүргүзүлдү

Дүйнө 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Түркия мыйзамсыз мигранттардын толкуну менен күрөшүү үчүн өлкө боюнча ири масштабдагы операция жүргүзүп, жүздөгөн мыйзамсыз мигранттарды камакка алды. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түркиянын миграциялык кызматы кечээ, 28-майда бир күндүн ичинде эле өлкөгө мыйзамсыз кирген 1031 мигрант камакка алынганын кабарлады.

Anadolu агенттиги маалымдагандай, 693 мыйзамсыз мигрант Түркиянын түндүк-батышындагы Греция жана Болгариянын чек арасында жайгашкан Эдирне провициясында жандармерия күчтөрү тарабынан камакка алынды.

Ошондой эле өлкөнүн түндүк-батышындагы Кыркларели провинциясынан ирактык 35 мигрант камакка алынды. Мындан тышкары жандармерия күчтөрү Айдын, Баликши жана Ван провинцияларында дагы операция жүргүзүп, бир нече мыйзамсыз мигранттарды камады.

Түркия 2011-жылдан бери жана Сирияда жарандык согуш башталгандан бери качкындардын Европага жетүүсү үчүн негизи жол болуп саналат. Бул өлкө менен Европа Биримдиги качкындардын толкунун көзөмөлдөө үчүн 2016-жылы келишимге кол коюшкан.

Кечээ, 28-майда Түркиянын ички иштер министри дагы өлкөгө мыйзамсыз түрдө кирген ооганстандык качкындар камакка алынганын маалымдады. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара мындан ары жалгыз мигранттардын жаңы толкуну менен күрөшө албайт деп билдирген.

Ал бийик дубалдарды куруу аркылуу качкындар кризиси менен күрөшүү мүмкүн эмес экендигин айтып, миграция – бул коопсуздукка таасирин тийгизген гуманитардык жана саясий маселе экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий