• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда ок тийген кыргызстандык кыздын абалы туруктуу - КР ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Түркияда ок тийген кыргызстандык кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Конак шаарында (Түркия) түрк жаранынын автоунаасын белгисиз бирөөлөр аткылап, унаада отурган кыргызстандык кызга ок тийген. Жабыркаган кыз 29 жаштагы Элнура Турманбетова аттуу жаран болуп чыккан. Окуядан кийин ооруканага жеткирилген, учурда абалы туруктуу.

"Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу маалыматты тактоо максатында ыкчам түрдө оорукана менен байланышкан. Нөөмөттөгү дарыгер билдиргендей, жабыркаган кызга операция жасалып, реанимация бөлүмүнө которулган. Саламаттыгы туруктуу", - деп билдиришти ТИМден.

Аталган маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат. КР ТИМден жагдай боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий