• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда окуучу курал менен сүрөткө түшөм деп апасын атып алган

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Түркияда 9 жаштагы окуучу курал менен сүрөткө түшөм деп апасын кокустан атып алган. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазат.

“Окуя Сиверек шаарында болгон. Бала кокустан куралдан ок чыгарып алган. Ок окуучунун апасынын башына тийип, ал көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.

Бала психологдун катышуусунда полицияга көрсөтмө берген. Иликтөө иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий