• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда поезд рельстен чыгып кетти, каза болгондор бар

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.18 /Кабар/. Түркияда Анкара-Конья каттамы менен бара жаткан жогорку ылдамдыктагы поезд бүгүн рельстен чыгып кеткен. Каза болгондор бар. Бул тууралуу Haberturk телеканалы кабарлайт.

Анкаранын губернатору Васип Шахиндин алдын ала маалыматтарына ылайык, жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, 43 адам жарадар болгон.

Поезд ал менен бир темир жолдо бара жаткан локомотив менен кагылышып кеткен. Кагылышуунун жыйынтыгында бир нече вагондор оодарылып, дагы бир нече вагондор жүргүнчүлөр өтмөгүнө урунуп калган.

Кырсык болгон жерге тез жардам жана куткаруучулар келип, жүргүнчүлөргө биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий