• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 96% саналып бүткөндөн кийинки алдын-ала жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган шайлоочулардын 49,42%, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добушун алганын кабарлады.

Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий