• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда прокуратура 210 аскер кызматкерин кармоого буйрук берди

Дүйнө 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Стамбул прокуратурасы дин аалымы Фетхуллах Гүлендин ФЕТӨ уюму менен байланышы бар деп шек саналган 210 аскер адамдарын кармоону буюрду. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Стамбул прокуратурасынан кабарлашкандай, камакка алына турган адамдар аба, деңиз жана кургактагы күчтөр болуп саналат жана алардын арасында 5 полковник, 7 подполковник, 14 майор жана 33 капитан бар.

Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөп келүүдө.

АКШда жашаган Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду четке каккан. Ага карбай Түркия Гүленди экстрадициялоону АКШдан талап кылууда.

2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, 77 миңден ашуун кишини камап, 15 миңдей адамды иштен алган.

Пикир

Оставить комментарий