• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда сойкукана аныкталып, алардын ичинде кыргызстандыктар болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Түркиянын Мерзифон шаарында сойкуканаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында 19 адам кармалып, анын жетөө чет элдик болгон.

Бул тууралуу жазган haberler.com порталы билдиргендей, атайын операция бир убакта 11 дарек боюнча жүргүзүлгөн.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Грузиянын жарандары бар болгон.

Кармалгандар медициналык кароого жиберилип, алардын бирөөсүнүн жугуштуу оорусу бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий