• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда сойкулук менен алектенүүдөн баш тарткан кыргыз кызды мекендештери сабап салышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Түркиянын Анталия провинциясынын Манавгат шаарында кыргызстандык кызды мекендештер сойкулук менен алектенүүдөн баш тарткандыгы үчүн сабашкан. Бул тууралуу haberler.com маалымат булагы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ф.К., аттуу жаран 5 ай мурун К.З., аттуу мурдагы таанышынын чакыруусу менен Түркияга А.К., аттуу адамдын баласын бакканга жумушка келген.

“Кыз Түркия мамлекетине келгенде ал аялдар аны сойкулук кылууга ынандырышкан. Бирок кыз макул болбой койгон, ошондо алар кыздын паспортун тартып алып, аны сабап кетишкен. Сабалган кыз үйдөн качып чыгып, полиция кызматына кайрылган. Учурда кыз ооруканага жайгаштырылган. Полиция аялдарды кармаган”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий