• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркияда сойкулук менен алектенген кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Түркиянын Черкезкөй шаарында полиция кызматы тарабынан сойкулукка каршы иш-чараларынын негизинде 3 адам кармалган. Алардын ичинде бирөө кыргыз жараны болгон.

Haberler.com басылмасынын маалыматында, атайын иш-чаралардын негизинде кыз-келиндерди сатканга ортомчу болгон У.Т., аттуу жаран, К.З.М., аттуу кыргыз жараны жана С.М., аттуу өзбек жараны кармалган.

Ортомчу болгон У.Т., аттуу жаранды "Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо" беренесе боюнча айыпталып камалган. Ал эми, эки чет элдик жаранды мекенине депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий