• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда сойкулукка шектелип кыргыз кызы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Түркиянын Бодрум шаарында полиция кызматкерлери атайын иш-чаранын жүрүшүндө адам сатуу жана сойкулук жасоого шектелген беш адамды кармады. Алардын арасында С.Б. аттуу Кыргызстандын жараны да бар, - деп жазат haberler.com агенттиги.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери бул иш-чараны 3 ай даярдашкан. Кармалгандардын жанында 48 огу бар бир тапанча табылган.

Кармалгандарга адам сатуу жана сойкулук жасоо боюнча айып тагылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий