• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркияда соцтармактар миллиондогон айыпка жыгылды

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Түркия бийлиги Facebook, Instagram, Twitter, YouTube жана башка белгилүү сервистер белгиленген мөөнөттө жергиликтүү өкүлүнүн атын атабаганы үчүн бул платформаларга 10 миллион лирадан (бир миллион евронун тегереги) айып пул салды.

Жайында түрк парламенти соцтармактарды көзөмөлдөөнү күчөтүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Документке ылайык, эгер кайсы бир сервистин Түркиядагы аудиториясы күнүнө бир миллион колдонуучудан ашса, ал бул өлкөдө филиалын ачып, аны түрк жарандыгы бар киши жетектеши керек. Бул талапты аткарбагандарга айып пул салынып, интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү 90% азайтылат.

Facebook компаниясы буга чейин Анкаранын талабын аткарбай турганын маалымдаган.

Укук коргоочулар да бул мыйзамды сындап келишет. “Чек арасыз кабарчылар” уюму Түркия президенти Режеп Эрдогон бул мыйзам менен интернеттеги сынга жооп берип жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий