• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда төңкөрүш аракетине айыпталган 500гө жакын киши соттолууда

Дүйнө 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Түркияда өткөн жылкы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыпталып жаткан дээрлик 500 адам соттолууда. 1-августта Анкарадагы атайын курулган имаратта башталган соттук териштирүүлөр президент Режеп Тайип Эрдоганга каршы козголоң чыгаруу ишине байланышкан эң масштабуу сот жараяны болуп эсептелет.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан 486 адамдын көбү тагылган айыптар, анын ичинде Эрдоганды өлтүрүү аракети боюнча өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Түркия бийлиги тарабынан төңкөрүштү уюштурууга айыпталып жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлен бул иште башкы айыпталуучу катары өтүүдө. Учурда АКШда жашап жаткан Гүлендин өзү айыптоолорду четке кагып, өлкөдөгү төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин билдирип келет.

Түркияда 2016-жылы июлда болгон төңкөрүш аракети маалында 250гө жакын адам каза болгон. Бул жараян ал иштер боюнча өтүп жаткан ондогон соттук териштирүүлөрдүн бири.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий