• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда түркмөн мигранттарынан турган куралдуу топ кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Стамбулда полиция тарабынан Түркмөнстандын беш жаранынан турган куралдуу топ кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, 10-мартта таңкы саат төрттөр чамасында полиция кызматкерлери шектүү унаанын артынан түшүп, жыйынтыгында түркмөнстандык беш мигрант кармалган. Колго түшүрүү маалында алардын жанынан тапанчалар, беткап, бычак жана скотч табылган.

Полициядагы булактар кабарлашкандай, кармалгандардын экөөсү Түркиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн — алардын виза мөөнөтү аяктап калган.

Түркиядагы түркмөн мигранттардын айтымдарында, акыркы жылдары Стамбулда Түркмөнстандын жарандарынан турган бир нече кылмыштуу топ пайда болгон. Алардын айрымдары мекендештерин тоноо менен алектенишет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий