• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылга жылдырылды

Маданият 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү.

Р.Казакбаев Б. Эрдогандын түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы бир туугандыкты жана биримдикти чыңдоо боюнча жигердүү көп кырдуу ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Б.Эрдоган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түркия Республикасы тарабынан 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

Р.Казакбаев Төртүнчү ДКОнун уюштуруу комитети I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуусу зарыл деп белгиледи.

Ошондой эле Р. Казакбаев Оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасирин белгилөө менен аны башка өлкөлөргө бир жолку өткөрүп берүү практикасынын максатка ылайыктуулугун баса белгиледи.

Көчмөндөр оюндарынын Кыргыз Республикасына ар 4-5 жылда кайтып келүүсүнүн зарылдыгын билдирди.

Буга байланыштуу ТИМ башчысы 2024-жылы V көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү жактады.

Жолугушуунун алкагында, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү жаатында магистратура жана докторантура программаларына КР жарандарын окутуу үчүн жыл сайын стипендия бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Б. Эрдоган Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында жыл сайын аталган көнфередациянын алкагында көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даярдыгын билдирди.

Тараптар Түрк кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, Түрк кеңеши алкагында Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Атап айтканда, алар КРда Түрк инвестициялык фондун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий