• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда өтчү көчмөндөр оюндарына кайсы балбандар катышары белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын атынан катыша турган спортчулар аныкталды.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришкендей, бүгүн, 9-сентябрда “Жаштык” дирекциясынын спорттук базасында тандоо туру болду. Көчмөндөр оюндарына балбандар күрөштүн беш түрү боюнча катышат.

Жолдомо алган спортчулардын тизмеси:

Ашыртмалы аба күрөшү:

Эламан Базарбек уулу, 55 кг;

Кенжебай Нарынбай уулу, 60 кг;

Мирхат Шамбет уулу, 65 кг;

Ирлан Казбек уулу, 70 кг;

Бактыяр Кадырбек уулу 75 кг;

Шатман Эсенбек уулу 80 кг;

Баяман Мыктыбеков 90 кг;

Уларбек Куручбек уулу, 90 кг жогору.

Капышмалуу аба күрөшү:

Урмат Нарынбек уулу, 60 кг;

Бекмамат Бейшенбеков, 70 кг;

Эсенбек уулу Азим, 90 кг;

Орозбек Алмазбеков, 90 кг жогору.

Шалвар күрөшү:

Нурболот Ишен уулу, 55 кг;

Абдымалик Карачов, 60 кг;

Исламбек Орозбеков, 75 кг;

Амантур Камчыбеков, 70 кг;

Равиль Самат уулу, 65 кг;

Бекжан Жамбулов, 80 кг;

Тамчы Эсенбек уулу, 90 кг;

Арсланбек Турдубеков, 90 кг жогору.

Яглы (май) күрөшү:

Саякбай Усупбеков, 80 кг;

Болотбек Туратов, 95 кг;

Нурманбет Раймалы уулу, 100 кг;

Кайрат Шаршенбеков, 100 кг жогору.

Пахлавани күрөшү:

Тариэл Төлөгөнов, 70 кг;

Кубат Азизбаев, 80 кг;

Бактияр Мирлан уулу, 80 кг жогору.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий