• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда өтчү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына кыргыз тараптын катышуусу талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 17.02.21 /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи министр Иманалиевди министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Анда министрлик көзөмөлдөгөн тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары, анын ичинде Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына кыргыз тараптын катышуусу талкууланды.

Кайрат Иманалиев өз кезегинде Түркия менен мындан аркы өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий