• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түркияда "ТЕКНОФЕСТ 2020" авиация, технология жана космонавтика фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Ушул жылдын 22-27-сентябрь күндөрү Түркиянын Газиантеп шаарында "ТЕКНОФЕСТ 2020" авиациялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчиликтен билдиришкендей, бул фестиваль былтыр Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлүп, ага 1 млн киши катышкан.

Быйыл иш-чара 22-27 сентябрь күндөрү Газиантеп аэропортунда өткөрүлөт.

"Фестивалда дрон, робот, интеллектуалдык транспорт, айыл чарба технологиялары сыяктуу 23 түрдүү категорияда өткөрүлө турган технология тармагындагы мелдештерге мектеп окуучуларынан тартып университетте окуган студенттер да каттала алат", - деп билдиришти элчиликтен.

Элчиликтен белгилешкендей, аталган тармакта долбоорлорду даярдаган миңдеген жаштарга каржылык колдоо жана сыйлыктар каралган.

Фестивалдын алкагында уюштурулган иш-чараларга, семинарларга жана Эл аралык ишкердик жарманкесине катышуу акысыз.

Фестиваль тууралуу жана ага катталуу үчүн кенен маалымат: https://www.teknofest.org

Катталуунун акыркы мөөнөтү: 2020 жылдын 28-февралы.

Пикир

Оставить комментарий