• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркияда жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка учурап, 10 адам каза болуп, 73ү жабыркады (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Түркиянын түндүк-чыгышында жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылып, 10 адам каза болуп , 73ү жаракат алышты.

ЖМКнын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Капикуле шаарынан чыгып Болгария менен Стамбулдун чек арасында бара жаткан.

Расмий маалыматтарга ылайык, аба ырайынын катаал шарты кырсыкка себеп болгон.

“Ал райондо жаракат алгандар көп, жер ылай. Биз аймакка бара албай жатабыз, бирок аба аркылуу жардам жөнөтүүдөбүз”, -деп билдирди кырсыктан кийин Текиртагдын губернатору Мехмет Цейлан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги да аба аркылуу тез жардам кызматтарын жөнөтүшкөн.

Президент Эрдоган окуяга байланыштуу көңүл айтты.

“Кырсыктан кийин дароо тиешелүү чаралар уюштурулду”, - деди мамлекет башчысы.

Кырсыктан жабыркагандар аймакка жакын жайгашкан Чорлу шаарына алынып келинүүдө, шаар мэриясы жашоочуларды жабырлануучулар үчүн кан тапшырууга чакырды.

Сүрөт: haberler.com

Пикир

Оставить комментарий