• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда жалпы шайлоочулардын 12 пайызы добуш берди – элчилик

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00гө карата жалпы шайлоочулардын 12 пайызы добуш берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Анкарадагы Кыргызстандын элчилигиндеги шайлоо участкасында 714 кыргызстандык каттоодо турат.

Түркиянын аймагында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн 2 аймактык бөлүм ачылган. Анын бири Анкарада, экинчиси Стамбулда.

Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт

Пикир

Оставить комментарий