• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын укуктары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башкы директору Үнлү Саваш менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

К.Өмүралиевдин өтүнүчү боюнча башкы директор Ү.Саваш Түркияга кирген жана Түркиядан чыккан, ар кандай максат менен жашап турууга уруксат алган жана депортацияланган жарандар тууралуу маалымат берди.

Тараптар Түркиянын бардык аймактарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалы жаатында кызматташуу жана Түркияда жашап туруу үчүн документтерин тариздөөдө жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий