• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 399 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 399 адамга жетти. Бул тууралуу CNN Türk телеканалы ИИМдин башчысы Сүлейман Сойлуга таянып билдирди.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болду. Жер титирөө өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилди. Түрк бийлиги жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атады.

“Каза болгондордун саны 50 миң 399 адамды түзөт. Алардын өздүгүн тактоо уланууда. Көз жумгандардын саны өзгөрүшү мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий