• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны 7 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7 миң 108 адамга жетти. Бул тууралуу түркиялык "Анадолу" агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны дээрлик 41 миң адамга чукулдаган.

Белгиленгендей, бул Туркия убактысы боюнча саат 10:35ке карата алынган маалымат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркап, 1,5 миңден ашуун адам өлүп, 3,5 миңден ашууну жарадар болгон.

Пикир

Оставить комментарий