• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркияда жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын кантип алса болот? Элчиликтин билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын кантип алуу керектиги тууралуу маалымат берди.

Анда төмөнкүдөй деп айтылат:

"2020-жылдын январь айында элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министринин орун басары А. Эрдем менен жолугушуусунда жетишилген макулдашуунун алкагында, түрк тарабынын түздөн-түз Түркияда жашаган жана өзүнүн жашап туруусун мыйзамдаштырган, мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн жазылган айып пулдарды төлөгөн жана Түркиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция боюнча башкы башкармалыкта жашап турууга уруксат алган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн иштөө уруксатын берүүгө даяр экендигин маалымдайбыз.

Жумушка уруксат алуу үчүн арыз берүү тартиби төмөнкүдөй:

  1. Жумушка орношо турган киши Кыргыз Республикасынын элчилигине же Стамбулдагы Башкы консулдугуна төмөндөгү маалыматтарды берет: Жумушка орношо турган кишинин жана жумуш берүүчүнүн паспортторунун, эгер бар болсо жашап турууга уруксат кагазынын (икамет изни) көчүрмөлөрү, ошондой эле байланыш маалыматтары.
  2. Жарандардын тизмеси түзүлгөндөн кийин берилген документтер Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигинин кароосуна жөнөтүлөт.
  3. Элчилик тарабынан берилген тизме менен таанышкандан кийин, Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги өз тарабынан кайрылгандар менен байланышат.

Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген жана Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн кайрылууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынжогорудагы документтерди жашаган регионуна жараша элчиликке (kgembassy.tr@mfa.gov.kg) жана Башкы консулдукка (kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg) электрондук почта аркылуу жөнөтүүсүн суранабыз.

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар КРнын Анкара шаарындагы элчилигине кайрылышы керек: Анкара, Адана, Адыяман, Афьонкарахисар, Агры, Амасья, Артвин, Айдын, Бингёль, Битлис, Болу, Бурдур, Чанкыры, Чорум, Денизли, Диярбакыр, Элязыг, Эрзинжан, Эрзурум, Эскишехир, Газиантеп, Гиресун, Гюмюшхане, Хаккари, Хатай, Спарта, Мерсин, Карс, Кастамону, Кайсери, Кыршехир, Конья, Кютахья, Малатья, Кахраманмараш, Мардин, Мугла, Муш, Невшехир, Нигде, Орду, Ризе, Самсун, Сиирт, Синоп, Сивас, Текирдаг, Токат, Трабзон, Тунджели, Шанлыурфа, Ушак, Ван, Йозгат, Зонгулдак, Аксарай, Байбурт, Караман, Кырыккале, Батман, Шырнак, Бартын, Ардахан, Ыгдыр, Карабюк, Килис, Османие, Дюздже.

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылышы керек: Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Биледжик, Коджаэли, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова.

Ошол эле учурда элчилик иштөө уруксатын бербей турганын, жөн гана иштөө уруксатын алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигинин кароосуна жөнөтө турганын белгилейбиз. Кайрылгандарга ар кандай себептерден улам түрк тарабы иштөө уруксатын бербей коюшу мүмкүн экендигин дагы маалымдайбыз".

Пикир

Оставить комментарий