• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи өттү

1846 кароо Маданият 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрында Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызтандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.

Түрк тарых паркында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү - К.Ататүрктүн, М.Э.Расулзаденин, Н.Назарбаевдин, И.Каримовдун, Г.Бердимухамедовдун жана Р.Денкташтын эстеликтери бар.

Маалымат үчүн: Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда турк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү - Ч.Айтматовдун, Махтумкулинин, А. Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.

Пикир

Оставить комментарий