• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анкарадагы аянттардын бирине Манастын эстелигин орнотуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар Кечиөрен муниципалитети менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү жана иш сапарлары менен алмашуу зарылдыгын белгилешти.

К. Өмүралиев буга чейин муниципалитет тарабынан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 2019-жылдын декабрь айында туулган күнүндө анын атындагы сейил бакка орнотулган бюсту үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кечиөрен муниципалитетинин имаратынын алдындагы аянтта Манастын эстелигин орнотуу, ошондой эле «Эстергон чеби» деп аталган Түрк маданият борборунан кыргыз элдик чыгармачылыгынын улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюу жана сатуу үчүн атайын жай бөлүп берүү боюнча макулдашууну тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий