• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы автобус кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Түркияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында КР жарандары жок,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 13-мартта болжол менен саат 6:00 чамасында Чорум провинциясындагы Османджык районунда жол кырсыгы катталган, натыйжада түрк бийлигинин маалыматы боюнча 11 адам каза болуп, 21и ар кандай даражадагы жаракат алышкан.

Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Текирдаг шаарынан Такатка бара жаткан кезде, четте токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Пикир

Оставить комментарий