• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркиядагы Бурса аймагында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Түркиядагы Бурса аймагында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, консулдуктун ачылыш аземине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын жарандары жана бизнес өкүлдөрү катышты .

Кубанычбек Өмүралиев сөзүндө Бурса аймагында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле жаңы дайындалган ардактуу консул Билал Тутуш Бурса аймагында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, милдеттерин татыктуу аткарат деген үмүтүн билдирди.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин Бурсада жашаган кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө КР жарандарына консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери талкууланып, мекендештердин суроолоруна жооп берилди.

Пикир

Оставить комментарий