• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы чыгармачылык үйдүн бирине Калый Молдобасановдун аты берилди

Маданият 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Түркиядагы чыгармачылык үйдүн бирине Калый Молдобасановдун аты берилди. Бул тууралу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев маалымдады.

Анын айтуусунда, ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүндөгү аял композиторлордун жолугушуусу” аттуу салтанат уюштурулуп,иш-чара эки бөлүм менен ишке ашырылды. Биринчисинде, ТҮРКСОЙ Түркиянын Болу валилигине караштуу Севен районунун жергиликтүү бийлиги менен бирдикте Нооруз-Чокусу деп аталган жерде чыгармачылык үйлөрдүн ачылыш аземин жасап, салтанатка Түрк дүйнөсүндөгү аял композиторлор катышты. Кыргызстандан композитор Наргиза Курманова чакырылган.

Чыгармачылык үйлөрдүн бирине Кыргыз композитору Калый Молдобасановдун аты берилди. Анын катарында казак композитору Еркегали Рахмедиев, азербайжан композитору Кара Караев, түркмөн композитору Нури Халмамедовжана башкалардын аттары менен да чыгармачылык үйлөр аталды. Салтанатта ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов, Севен район башчысы Сулейман Өзбаг сөз сүйлөштү.

ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүндөгү аял композиторлордун жолугушуусу” иш-чарасынын экинчи бөлүгү Анкара шаарында уланды. Түрк дүйнөсүндөгү ар өлкөдөн келген аял-композиторлордун чыгармалары боюнча чоң программадагы концерт берилди. Кыргызстандык композитор Наргиза Курманованын бир чыгармасы Башкент университетинин Симфониялык оркестри тарабынан аткарылды. Бир чыгармасын композитор өзү виолончелде виртиоздук маанайда аткарып, чоң жанданууну жаратты.

Пикир

Оставить комментарий