• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиядагы эң бийик эки эгиз имарат Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эки эгиз эң бийик имараттары (мунаралары) Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул акция TOВВ тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий