• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиядагы элчи Өмүралиев Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Хатай шаарынын башчысы элчи К. Өмүралиевди түрк элдеринин көрүнүктүү өкүлдөрү менен катар Ч. Айтматовдун дагы портрети жайгашкан түрк тилдүү элдер паркынын ачылышына катышууга чакырды. Ошондой эле Л. Саваш ушул жылдын декабрь айында өтө турган “ЭКСПО 2021 Хатай” ботаникалык көргөзмөсүнө кыргыз муниципалитеттеринин катышуусу боюнча өтүнүчүн билдирди.

Көргөзмөнүн аймагында "Цивилизациялар бакчасы", анын ичинде "Түрк бакчасын" ачуу пландаштырылууда. Анда бардык түрк тилдүү мамлекеттердин павильондору орнотулмакчы.

“ЭКСПО 2021 Хатай” көргөзмөсүнө катыша ала турган Кыргызстандын бир шаары менен Хатай шаарынын ортосунда аймактар аралык кызматташтыкты жана боордош мамилелерди орнотуу максатында, элчи Өмүралиев шаар мэри Л. Савашты бир катар Хатай ишкерлери менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мэр Л. Саваш ушул жайда Кыргызстанга келүүнү каалагандыгын билдирди.

Маалымат катары: Хатай (тарыхый аталышы Антакья) - аты уйкаш провинциянын административдик борбору, Түркиянын түштүгүндө, Жер-Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде жайгашып, Сирия менен чектешет.

Провинциянын калкы 1,6 миллионго жакын. Хатай провинциясындагы Искендерун порту ТРдагы эң ири порттордун бири. Аталган провицияда дан жана буурчак өсүмдүктөрүн, зайтун, цитрус жемиштерин, жашылчаларды өстүрүү, жер семирткичтерди өндүрүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жана балык уулоо өнүккөн.

2012-жылы ЮНЕСКО Хатайга "Гастрономия шаары" наамын ыйгарган (бул статус Колумбиянын Попаян, Кытайдын Ченду жана Швециянын Эстерсунд шаарларына берилген).

Пикир

Оставить комментарий