• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркиядагы элчи Өмүралиев «Marmara Group» фондунун президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Marmara Group» фондунун президенти Аккан Сувер менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө А. Сувер элчи К. Өмүралиевге «Marmara Group» фонду тарабынан 1998-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Евразия экономикалык саммити тууралуу маалымат берди.

Сувер элчини 2022-жылдын 7–9-июнуна көздөлгөн 25-Евразиялык экономикалык саммитине (ЕЭC) катышууга чакырды жана жогоруда аталган саммиттин алкагында кандайдыр бир биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Элчи Өмүралиев чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, өлкөбүздү таанытуу жана ал тууралуу маалыматтарды таратуу, анын ичинде экономикалык багыттагы долбоорлор менен тааныштыруу максатында элчилик мындай иш-чараларга катыша тургандыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Евразия экономикалык саммити (ЕЭС) бул «Marmara Group» фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп, ага мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, элчилер, коомдук жана илимий ишмерлер, ошондой эле эл аралык эксперттер катышат. «Marmara Group» фонду 1985-жылы негизделген бейөкмөт уюм, жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштуруп, илимий эмгектерди жана докладдарды даярдайт, ошондой эле Түркиянын көйгөйлөрүнүн чечүү жолдорун издейт.

Биринчи ЕЭК 1998-жылы өткөрүлгөн. 24-ЕЭК 2021-жылы 8-июлда онлайн түрүндө ачылды жана ар кандай маселелерге арналган панелдик сессиялардан турат.

Пикир

Оставить комментарий