• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркиядагы элчи Өмүралиев ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Амреев элчиге ТМККнын ишмердүүлүгү, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында ТМККга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык түзүлгөн Түрк инвестициялык фонду боюнча маалымат берди.

Элчи Өмүралиев Инвестициялык фондду түзүүнүн маанилүүлүгүнө жана аталган фонддун башкы кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча Кыргызстандын сунушуна көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий