• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиядагы элчилик: 29-июлда мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтат, алардын тизмеси такталууда

Коом 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтат. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Элчиликтин маалыматына караганда, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылган.

«2020-жылдын 29-июлундагы чартердик рейси менен Анкара шаарындагы элчилике жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка кайрылган жарандар үчүн учуп кетүү мүмкүн. Ошондой эле аталган авиарейс менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөрдөгү элчиликтерине арыздарын берип, Стамбул аркылуу транзит менен өтө турган жарандарды дагы кайтаруу көздөлүүдө», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Тизмеде болгон жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 29-июлуна чейинки ар дайымкы рейстерине жарандардын мурда сатып алган билеттери 2020-жылдын 29-июлундагы чартердик авиарейсине жарактуу болот.

«Аталган чартердик рейске авиабилеттер түздөн-түз аэропортто 2020-жылдын 28-июлунда саат 18.00дөн тартып жарыяланган тизмелерге ылайык сатылат. Ошондой эле айтылган тизмелерге ылайык, авиабилеттерди 2020-жылдын 28-июлунда «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын Анкара жана Стамбул шааарларындагы кеңселеринен сатып алууга дагы мүмкүн болот. Учуп кете тургандыгын тастыктаган жарандар үчүн авиабилеттеринин резервация номерлери кошумча элчиликтин сайтында жайгаштырылат. Ошол эле учурда авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортто сатыла тургандарга салыштырмалуу жогору болорун эскертебиз», - деп билдиришти элчиликтен.

Билдирүүгө ылайык, аталган рейске авиабилеттин баасы - 256 АКШ долларын түзөт (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот), эки жашка чейинки балдар үчүн - 16 доллар, 2-12 жашка чейинки балдар үчүн - 218 доллар. Уруксат берилген багаж 38 кг, кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 38 кг ашса, кошумча 1 кг багаждын акысы 6 еврону түзөт.

«Учуп кетүүсүн тастыктап, бирок рейске келбей калган жарандар көп болгонуна байланыштуу, ошондой эле тизмеде болбой, бирок аэропортко келип кетпей калгандардын ордуна учуп кеткендерге карабастан, учактагы орундардын бөлүгү бош кетүүдө. Ошондуктан башка жарандарды маалымдоо үчүн учуп кетүүдөн баш тарткан жарандарды алдын ала билдирүүлөрүн өтүнөбүз», - деп кошумчалашты элчиликтин басма сөз кызматынан.

Кийинки уюштурула турган чартердик каттам жана ар дайымкы рейстердин башталышы боюнча толук маалыматты КРнын Түркиядагы элчилигинин расмий сайтынан жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий