• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат

Спорт 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анын ичинен көк бөрү жана алыш бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген. Мындан сырткары, оюндун программасында татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу спорту бар. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 2014-2016-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий