• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиядагы кыргызстандыктар референдумга добуш берүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигиндеги №9036 шайлоо участкасында референдумда добуш берүү башталды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын ушул жылдын 11-апрелинде референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Белгилей кетсек, референдумга добуш берүү үчүн Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылган.

Пикир

Оставить комментарий