• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы учак кырсыгы: Жүргүнчүлөрдүн арасында 2 кыргыз жараны болгон – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кечээ, 5-февраль күнү Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Стамбул аэропортунда кырсыкка учураган учагынын ичинде Кыргызстандын 2 жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Расмий маалыматтар боюнча, 130дан ашык жүргүнчү жабыркаган. Алардын арасында Кыргызстандын К.Н. жана И.А. аттуу 2 жараны болгон. Аларга тиешелүү медициналык жарда көрсөтүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кыргызстандык жарандарга барып, көрүп келишкен. Дарыгердин айтымында, алардын абалы туруктуу.

"Жабыркагандар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан кийин алардын ооруканада калары же чыгарылары чечилет. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлүнө алды", - деп билдиришти министрликтен.

Эл аралык ММКлар жазгандай, учакта жалпы 177 киши болгон: 171 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан 3 адам каза болгону айтылууда.

Учактагы 155 жүргүнчү Түркиянын жарандары болгон. Ошондой эле анда АКШ, Ирак, Израиль, Кыргызстан, Швеция, Сирия жана Түркмөнстандын жарандары бар болгон.

Ал "Измир-Стамбул" каттамы боюнча учуп келе жаткан.

Пикир

Оставить комментарий