• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиядагы жер титирөөдөн 20 адам каза болуп, 1 миңден ашык киши жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. Түркиянын Элязыг жана Малатия провинцияларында болгон жер титирөөдөн 19 адам каза болуп, дээрлик 1015 киши жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости Түркиянын Anadolu агенттигине шилтеме келтирип жазат.

Мындан мурдараак 19 киши каза болуп, 772 киши жабыркаганы айтылган.

Белгилей кетсек, 6,8 магнитудагы жер титирөө кечээ, 24-күнү Элязыг провинциясында жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:55те болгон.

Учурда кырсык жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий