• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөөдөн 98 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 98 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин 95 адам мерт кеткендиги айтылган. "Жер силкинүүдөн 98 адам каза таап, жабыркаган 994 жарандын 847си ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Болжол менен 147 киши ооруканада дарыланууда. Измирде издөө-куткаруу иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, Түркиянын батышында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий