• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 48 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 48 миң 448 адамга жетти. Мерт кеткендердин ичинде 6 миң 660 чет элдик жаран бар. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме менен билдирет.

Сулейман Сойлу белгилегендей, сотмедэксперттер 1 миң 615 адамдын өздүгүн аныктоого аракет кылууда. Алардын айрымдары чет өлкөлүктөр, айрымдары түрк жарандары.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.

Пикир

Оставить комментарий