• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны дээрлик 46 миңге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 968 адамга жетти. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги билдирет.

Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлунун маалыматына ылайык, биринчи жер титирөөдөн бери 13 миңден ашуун жолу жер силкинген. Жалпысынан 26 миң 300 имарат ураган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.

Пикир

Оставить комментарий