• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор үч миңге жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 2 миң 921 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, табият кырсыгынан 15 миң 834 адам жабыркады.

"Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921 адамга жетип, 15 миң 834 жабыркады", - деп айтылат маалыматта.

Мындан мурда президент Режеп Тайип Эрдоган өлкө боюнча 12-февралга чейин жалпы улуттук аза күтүү жарыялаган.

Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 63 куткаруучу жана эки кинолог жөнөткөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий