• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнү каалагандар Бишкектеги элчиликке кайрылса болот

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги гуманитардык жардам кабыл алууда.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Түркиянын аймагында болгон жер титирөөлөргө байланыштуу, зилзала болгон аймактарга жөнөтүү үчүн жардам көрсөтүүнү каалагандар тиркемеде орун алган буюмдарды ичи көрүнгөн баштыкк салып, үстүнө ичинде кандай буюмдар бар экенин жазып, элчиликке алып келишсе болот. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 89.

"Жардам көрсөтүү алкагында алып келинген буюмдардын мүмкүн болсо мурда колдонулбаган жана кыш мезгилине ылайыктуу болуусун күтөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий