• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Түркиянын Элязыг жана Малатия провинцияларындагы жер титирөөдөн 31 адам каза таап, 1466 киши жабыркаган.

КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кыргыз элчилигинин акыркы маалыматы боюнча жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Эске сала кетсек, 24-январда Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясынын Сивридже шаарында күчү очогунда 6,8 баллга жеткен жер титирөөдө катталган. Жердин 6,75 км тереңдигинде болгон жер титирөө орто эсеп менен 40 секундга созулду.

Жер титирөө Адана, Хатай, Османийе, Тунжели, Газиантеп, Шанлыурфа, Малатия, Мардин, Самсун, Токат, Чорум, Мардин, Кайсери менен Сириянын түндүгүндө да сезилди.

Пикир

Оставить комментарий