• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркиядагы жол кырсыгынан Кыргызстандык айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Түркияда кечээ, 12-августта Газиантеп – Шанлиурф унаа жолунун 35-чакырымында эки оор жүк ташуучу унаа кагылышкан, - деп жазат haberler.com.

Полициянын маалыматы боюнча, таш жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Абдужелил Косар кыргыз номерлүү унааны сүзгөн. Экинчи оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунун өздүгү такталган эмес.

Эки айдоочу тең ооруканага жеткирилген, бирок айдоочу А.Косардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий