• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиядагы зилзала. ӨКМде кыргызстандыктар тууралуу маалымат берүү үчүн ишеним телефону иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда Түркиядагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат берүү үчүн ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Түркиядагы табият кырсыгынан жаралган кырдаалга байланыштуу жакындары жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө, кеңеш алууга жана жардам бергиси келген жарандар үчүн 112, (0312) 88-16-84 ишеним телефону иштей баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда жер титирөөдөн улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий