• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркиядагы зилзала. Кыргызстандык куткаруучулар кесиптештерине жардам берүүгө барат

Коом 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 6-февралда Түркияга жөнөшүүдө, алар катуу жер титиреген аймактарда куткаруу иштерине көмөктөшөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМдин басма сөз кызматынан башчысы Алим Токторовдун айтымында, бүгүн саат 19:00дө алдын ала маалыматтар боюнча 63 куткаруучу жана 2 кинолог учуп кетишмекчи.

“Куткаруучулар өздөрү менен кошо куткаруу жабдууларын ала кетишет. Алар: чатырлап, талаа шартында иштөө үчүн азык-түлүктөр”, - деди ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ЖМКларга зилзаланын кесепетинен өлкөнүн түштүк-чыгышында 912 адам каза болуп, 5385 адам жабыркаганын билдирди.

“Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болду. Тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн”, - деген президент издөө-куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Түркияга чектеш Сирияда жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 326 адам каза болуп, миңден ашууну жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий