• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиядагы зилзаладан 83 адам каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 83 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар агенттиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 79 адам каза болуп, 962 жаран жабыркагандыгы айтылган.

"Акыркы маалыматтарга караганда каза болгондордун саны 83 адамга жетип, 962 адам жабыркады. Ооруканаларда 219 адам дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Түркиянын батышында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий