• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркиядан Ташкентке учууну каалаган кыргызстандыктарды Газиантеп аэропортуна тез арада келүүнү суранышат

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Түркиядан Ташкентке учууну каалаган кыргызстандыктарды Газиантеп аэропортуна тез арада келүүнү суранышат.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдиргендей, Түркиянын жабыркаган аймактарынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 9-февралында эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

“Буга байланыштуу Өзбекстандын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз”, - деп белгиледи элчи.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.

Пикир

Оставить комментарий