• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияга 150 кыргызстандык квота менен дарыланууга бара алат. Шарттары жана жол-жобосу

Ден соолук 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия өкмөтү ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ Макулдашууга ылайык, Түркияга 150 кыргызстандык акысыз дарыланууга бара алат.

"2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Түркия Республикасынын Ѳкмѳтү менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ Макулдашууга кошумча болгон 2019-жылдын 20-майындагы Женева шаарында кол коюлган Кошумча протоколдун негизинде, кыргызстандык жарандар үчүн бөлүнүүчү квотанын саны 100дѳн 150гө чейин көбөйгѳн", - деп билдиришти КРнын Түркиядагы элчилигинен.

КРнын Түркиядагы элчилиги бейтаптар акысыз дарыланууга кантип жана кандай шарттарда бара алышарын түшүндүрүп берди.

  1. 50 кыргыз бейтап дарыгердин медициналык көрсөтмөсүнүн негизинде КР Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышып, тиешелүү комиссиянын жыйынтыгы менен Түркияга дарыланууга келе алышат.
  2. Ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилигинин чечими менен 100 кыргыз бейтап-жараны Түркияга дарыланууга келе алышат. 2020-жылдан баштап баардыгы 150 бейтаптын келүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар.
  3. Квотага кирбеген бейтаптар Макулдашуунун негизинде Түркиянын аймагындагы ооруканаларда өз алдынча келип, акысыз дарылана алышпайт.
  4. Түркия Республикасына операцияга же болбосо дарыланууга келе турган бейтаптардын англис тилине которулган тийиштүү документтери Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине веб-система (интернет) аркылуу жиберилет.
  5. Ѳз кезегинде, Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз бейтап-жарандары боюнча макулдугун берген соӊ, алардын аты жѳнүн, диагноздорун камтыган материалдарды Түркиянын аймагындагы ооруканалар катталган порталга жүктѳйт. Ал эми ооруканалар, ѳз ыктыяры менен бейтаптарды дарылоого же болбосо операция жасоого сунуштарын киргизишет.
  6. Ар жылы бѳлүнүп бериле турган квота 1 жылга гана жарактуу.
  7. Түркия Республикасына келген бейтаптардын жол киреге, котормочуга, кошумча тамак-ашка жана (керек болгон учурда) коштоочу адамдын жатаканасына кеткен чыгымдары ѳз эсебинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий