• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияга иштегени барып, комага түшүп калган кыздын ата-энеси жардам сурайт

Коом 0

Бишкек, 31.10.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандык Ширин Бейшембекова Түркияга келип жугуштуу ооруга чалдыгып, анын кесепетинен 45 күндөн бери комада жатат.

Бейшембекованын ата-энеси теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматовадан жардам сурап кайрылышып, алардын 22 жаштагы кызы Түркиянын Денизли шаарында бала багуучу болуп иштегенге келип, ооруканага түшүп калганын айтып беришкен.

Иш берүүчүнүн айтымында, Бейшембекова ооруканага жугуштуу оору менен түшкөн: анын организми алсыз, бөйрөктөрү иштебей, 45 күндөн бери комадан чыкпай жатат.

Ата-энеси иш берүүчү дарылоону жана дары-дармектерин төлөшкөнүн жана реанимация үчүн 100 миң лирден ашык кеткенин айтышкан. Алар чыгымдарды эсептеп чыгып, мындан кийинкисин ата-энеси өздөрү төлөшсүн деп билдиришкен.

“Жардам сурап мага Шириндин апасы Анара кайрылды. Ал кызын бүгүн суук палатага которушканын айтты. Температурасы бир нече жума бою жогору болгон. Бөйрөктөрү дагы эле иштебей жатат”, - деп бөлүшкөн Молдокматова.

Ошондой эле кыздын туугандары Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине билдирүү жазып, бирок дипломатиялык ведомстводон жооп али келбегенин айтып беришти. Бейшембекованын апасы Түркияга учуп кетип, учурда өзүнө жашаганга жер издөөдө.

Кыздын туугандары дарылоого каражат топтоого жардам көрсөтүүнү жана апасы үчүн убактылуу жашай турган жер табышууну өтүнөт.

Бул апасынын номери: +90 530 226 92 22 ( Анара)

Пикир

Оставить комментарий